Орусияда коронавируска бир күндө 63 миңден ашуун киши чалдыкты

Москва шаарынын метросу. Январь, 2022-жыл

Орусия бийлиги жекшембиде тараткан маалыматка караганда, бир суткада өлкөдө коронавирус инфекциясына 63 миңден көп киши кабылганы белгилүү болду. Пандемия башталган 2020-жылдан бери бул эң жогорку көрсөткүч.

Орусия европалык өлкөлөрдүн арасында бул жагынан биринчи орунда келатат. Ишембиде инфекциялангандар 57 миң болчу, анын алдында 49,5 миң деп кабарланган. Оперативдүү штабдын маалыматында, жекшембиде COVID-19 илдетинен 670 киши көз жумганы айтылды.

Азыркы толкун санитардык чектөөлөр дээрлик сакталбай калган учурда жайылууда. Орус бийлиги "Спутник-V" вакцинасын биринчилерден болуп каттаганы менен эмделгендер 53% гана түзөт. Орусиянын калкы 146 миллион кишиге жетет.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: зым менен тосуу иши убактылуу токтотулдуКыргызстанда дагы бир медициналык кесиптик кошуун түзүлдүМектеп окуучулары үчүн программалоо боюнча BalaTech олимпиадасы өтөт