Журналист Болот Темировду милиция кармап кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

22-январдын түнүндө иликтөөчү журналист Болот Темировду беткап кийген күч кызматкерлери колун толгоп кетишти. Анын алдында милиция кызматкерлери Темировдун кеңсесиндеги компьютерлерди алып кетишкен. Адвокат Нурбек Токтакунов милиция кызматкерлери Темировдүн үстүнөн бирөө арыз жазганын түшүндүрүшкөнүн айтты.