Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Таластагы Жерүй кенине барды. Бул тууралуу 22-январда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров алтын чыгаруучу фабриканын иши, кургак калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышып, алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушту.
Расмий маалыматка караганда, ушул эле күнү өкмөт башчы Талас районунун Кум-Арык айылындагы "Йогонесдорф" магистралдык каналындагы тазалоо жана оңдоо иштери менен таанышты. Жапаров жазгы талаа жумуштарына даярдыкты өз учурунда жүргүзүүнү тапшырды.
"Йогонесдорф" магистралдык каналындагы оңдоо иштери 2021-жылдын ноябрь айында башталган. Учурда каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 3,5 кубометрге жетти, бул мурунку өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн 1,5 эсеге көп (ремонтко чейин секундасына 2 кубометр болгон) болуп саналат.
Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон-колго өтүп келген Жерүй кенин азыр орусиялык ишкерлерге таандык "Альянс-Алтын" компаниясы иштетүүдө. Бирок кенди ачууга жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясы өткөн. Алар Кыргызстан бул ишканада үлүшү жок калганын жана экологияга зыяны канчалык экени тууралуу так маалымат берилбей жатканын жүйө келтирүүдө.
Алтын иштетүүчү комбинат 2021-жылы 17-мартта президент Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин катышуусунда ачылган. (КЕ)
Дагы караңыз
CDC: Вакцинанын 3-дозасын алгандар COVID-19ду жеңил көтөрөтТаласта COVID-19ду аныктоочу лаборатория ачылдыАКШ жана БУУ Йемендеги согушту басаңдатууга чакырдыСоциалдык фонд кыргызстандык мигранттардын пенсиясын ЕАӨБ аркылуу которот