21-январда Иран, Орусия жана Кытай Инди океанынын түндүгүндө деңиз-аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен машыгууларын баштады. Бул тууралуу ирандык басылмалар кабарлап, аталган үч өлкө АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн өсүп жаткан басымдарына каршы бириккени жатышканын жазды.
Ирандын куралдуу күчтөрүнүн контр-адмиралы Мустафа Таджеддини жергиликтүү телеканалдарга кабарлагандай, машыгууларга 11 ирандык, 3 орусиялык жана 2 кытайлык аскердик кемелери катышат.
Ирандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү жарым-жартылай расмий саналган ISNA маалымат агенттигине “машыгуулардын максаты чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө” экенин айткан.
“Деңиз коопсуздук куру – 2022” деп аталган аракет бул үч өлкөнүн 2019-жылдан берки үчүнчү машыгуусу болуп калат.
2021-жылдын июнунда Ирандын президенти болуп шайланган Ибрахим Раиси Москва менен да, Бээжин менен да саясий кызматташууну тереңдете баштаган.
Ибрахим Раиси 19-20-январда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. (ErN)
Дагы караңыз
Кыргызстандын жарандыгы 2253 адамга берилди Москва: журтташына кол cалган үч кыргызстандык жаран кармалды Австрия коронавируска каршы вакцина алууну милдеттендирди