Жайыл райондук милициясынын башчысынын орун басарынын автоунаасы өрттөлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

21-январга караган түнү Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кайрат Иманалиевдин автоунаасын өрттөп кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык 21-январга караган түнү көп кабаттуу үйдүн жанында "Honda Accord" автоунаасы өрттөнүп жатканы белгилүү болгон. Өрт чыккан жерге Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери барган. Алдын-ала байкоо жүргүзүүдө бензин жана солярканын жыты сезилген.

Аталган иш боюнча тийиштүү соттук-техникалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Буга чейин дагы Жайыл районунда аталган фактыга окшош окуялар болуп келет. 2021-жылы 20-апрелде Кара-Балтада шаардык кеңештеги партиянын лидеринин автоунаасын үйүндө токтоп турган жеринен аткылап кетишкен. (МТа)

Дагы караңыз

Орозайым Нарматова Боршайкомду сотко бербейтБлинкендин Берлин сапары Кыргызстанда АЭС куруу боюнча "Росатом" менен мемарандумга кол коюлдуCOVID-19: бир бейтап каза болду