Ички иштер министрлиги (ИИМ) Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн уурдалган автоунаалар Кыргызстандан табылганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылдын 30-декабрында министрликтин кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун биринде тинтүү жүргүзүп, 18 автоунаа алынган. Анын ичинен беш премиум-класстагы машине 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалганы аныкталган.
Бул Ички иштер министрлигинин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ишке ашкан.
Ушул тапта автоунааларды уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, Интерпол тарабынан издөөгө алынган башка машинелерди табуу иштери жүрүп жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Орозайым Нарматованын депутаттык мандаты жокко чыгарылдыАКШ, Британия, Франция жана Германия Орусияга карата бир пикирде экенин жарыяладыСамат Исабеков кайра Бажы кызматынын төрагасы болдуШайлоо: БШК Момбековду талапкер кылып каттоодон баш тарттыБаткенде пенсияны көбөйтүп, айлыкты көтөрүү сунушу берилди