Оштун “Алай” футбол клубунун мурдагы оюнчулары Асад Алимов жана Жахонгир Махмудов 20-январда автокырсыктан каза болду. Бул тууралуу маркумдардын жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчулар ушул эле күнү Баткен облусуна барып “Нур-Баткен” футболдук клубу менен келишим түзүп, кайра Ош шаарына кайтып келаткан. Азырынча жол кырсыгынын чоо-жайы белгисиз.
Кыргызстанда 2021-жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган. (BTo)
Дагы караңыз
Молдова газ кризисине байланыштуу энергетикалык өзгөчө абал жарыяладыОрозайым Нарматованын депутаттык мандаты жокко чыгарылдыАКШ, Британия, Франция жана Германия Орусияга карата бир пикирде экенин жарыяладыСамат Исабеков кайра Бажы кызматынын төрагасы болдуШайлоо: БШК Момбековду талапкер кылып каттоодон баш тарттыБаткенде пенсияны көбөйтүп, айлыкты көтөрүү сунушу берилди