Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында жарандык активисттер тобу жана “Өлкө тиреги” кыймылынын мүчөлөрү 20-январда басма сөз жыйынын өткөрүп, январдын башындагы кандуу окуяларды ачык-айкын иликтөөнү бийликтен талап кылышты. Алар жарандык коомчулуктун жана оппозициянын өкүлдөрү кошулган атайын комиссия түзүү керектигин айтып чыгышты.
Чогулгандар тынчтык митингине чыккан жарандарга күч кызматтары жаш агызчу газ жана граната колдонгонун, кырдаал ошондон улам курчуганын белгилешти. Активисттер каза болгондордун арасында карапайым тургундардын көптүгүнүн өзү негизинен милиция көп ок чыгарганын ырастап турарын айтышып, акциянын катышуучулары тараптан эч кандай курал атылбаганын белгилешти.
Басма сөз жыйыны өткөн кеңсенин сыртында полиция атайын автоунаалар турганын журналисттер жазышты.
Буга чейин мамлекеттик органдардын иликтөөсүнө ишенбей турганын жарыялаган алматылык жана чымкенттик активисттер көз карандысыз эки комиссия түзүшкөн. Алар күч кызматтары менен катар өз алдынча иликтөө жүргүзөрүн айтышкан.
Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.
Тополоңдо жалпы 225 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду. (ErN)
Дагы караңыз
Боршайком Нарматованын диплому тууралуу маселени карайтИран, Орусия жана Кытай деңизде биргелешкен машыгууларды өткөрөтТажикстанда Хорогдогу башаламандык боюнча кайра тергөө башталдыAsia Mаll борборунда бомба коюлганы тууралуу маалымат текшерилип жатат Кесиптик кошуундар федерациясынын мүчөсү Венера Маймендеева кармалды