21-январда Иран, Орусия жана Кытай Инд океанынын түндүгүндө деңиз-аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу ирандык басылмалар кабарлап, аталган үч өлкө АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн өсүп жаткан басымдарына каршы биригип жатышканын жазды.
Ирандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү жарым-жартылай расмий саналган ISNA маалымат агенттигине “машыгуулардын максаты чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө” экенин айткан.
“Деңиз коопсуздук куру – 2022” деп аталган аракет бул үч өлкөнүн 2019-жылдан берки үчүнчү машыгуусу болуп калат. 2021-жылдын июнунда Ирандын президенти болуп шайланган Ибрахим Раиси Москва менен да, Бээжин менен да саясий кызматташууну тереңдете баштаган. Ибрахим Раиси 19-январда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. (ErN)
Дагы караңыз
Бишкектеги Илья Терентьевдин үйү оңдолотАвстрия COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны милдеттендиргени туратБайден Орусия Украинага “кол салышы” мүмкүн экенин эскертти