Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет

"Эти Бакыр Терексай" Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин казууга лицензия алган.

Ушул жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет. Бул тууралуу “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жетекчиси Вели Гёкдере Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолуккан учурда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушууда экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы да талкууланганын кабарлады.

Аталган кен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. “Эти Бакыр Терексай” – биргелешкен ишкана, капиталынын 25% “Кыргызалтын” компаниясына, 75% түркиялык “Эти Бакыр Терексай” ишканасына тиешелүү. Анда 800дөн ашуун кыргызстандык иштейт.

Жергиликтүү тургундар бул ишканага каршы утур-утур нааразылыгын билдирип келет. Былтыр декабрь айында эле “Эти Бакыр Терексайдын” айрым жумушчулары жана жергиликтүүлөр "ишкана үч айдоочуну жумуштан негизсиз алды, экологиялык талаптар сакталбай жатат” деп жол тосушкан. (BTo)

Дагы караңыз

Президент 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койдуЖогорку Кеңеште ПЧР-тесттин баасы тууралуу маселе көтөрүлдү ЖК: "Ата-Журт Кыргызстандын" лидери өкмөттүн кадр тандоосун сындады Асман шаарынын курулушуна каршылардын кыймылы түзүлдү ЖККУ аскерлерин Казакстандан толук чыгарып кеттиБлинкен менен Лавров Женевада жолугат