Президент 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койду

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 22-декабрда кабыл алган.

Документке ылайык, 2022-жылга консолидацияланган бюджет 403,9 млрд. сом деп бекитилди. Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд. сом деп каралды. 2023-жылга 295,8 млрд. сомду, 2024-жылга 295,8 млрд. сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашасы 291,2 млрд. сом, 2023-жылга 303,5 млрд. сом, 2024-жылга 303,8 млрд. сом болду.

Бюджеттин кирешесин жана чыгашасын эске алуу менен быйыл бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд. сомду же ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата 0,8%ды түзөт.

Консолидацияланган бюджет - жөнөкөй тил менен айтканда жалпы, бириктирилген бюджет дегенди түшүндүрөт. Финансы министри Алмаз Бакетаев буга чейин ага Социалдык фонддун кирешелери - 38 млрд. 400 млн. сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ФОМС) - 1 млрд. 900 млн., активдер жана милдеттемелер 54 млрд. 500 млн. сом киргизилерин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

ЖК: "Ата-Журт Кыргызстандын" лидери өкмөттүн кадр тандоосун сындады Асман шаарынын курулушуна каршылардын кыймылы түзүлдү ЖККУ аскерлерин Казакстандан толук чыгарып кеттиБлинкен менен Лавров Женевада жолугатБөлтүрүктүн тууганы алтын куймасы менен түшкөн сүрөтүн түшүндүрдүДССУ: COVID-19 пандемиясы аяктады деп айтканга али эрте