Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр Йеменге сокку урду

Йемен. Иллюстрациялык сүрөт.

Хуситтер менен күрөшүп жаткан Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр 18-январда Йеменге абадан сокку урду. Хуситтер көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары Йемендин борборунда кеминде 20 адам, анын ичинде медиктер жана жайкын тургундар каза болгонун билдирди.

Аба соккулары хуситтердин 17-январдагы Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учкучсуз аппараттардан жана ракеталардан аткылаганына жооп болду. Бул күнкү Абу-Дабиге жасалган эки чабуулга Иран менен байланышкан хусит топтору жоопкерчилик алды. Анда эки киши каза тапкан.

Теракттардан кийин Сауд Арабиясынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Салман менен Абу-Дабинин мураскер канзаадасы Мухаммед бин Заид “агрессиялык актыларга биргелешип каршы турууну” макулдашкан.

Йемендик хуситтер буга чейин Сауд Арабиясын аткылап турчу. Абу-Дабиге биринчи жолу чабуул койду. Окуядан кийин БАЭ БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылды.

Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр Йемендеги кырдаалга кийлигишкен 2015-жылдан бери ал жакка 23 000ден ашык аба соккуларын жасады. Андан кеминде 18 миңдей жайкын тургун каза болгонун өткөн жылы БУУнун эксперттери кабарлашкан.

2015-жылы жергиликтүү шииттер жамааты жана Иран колдойт деген хуситтер Йемендин эл аралык коомчулук тааныган лидери Абд-Раббу Мансур Хадини бийликтен сүрүп чыгарган. Азиянын түштүк-батышындагы бул өлкөдө ошондон бери согуш басылбай келет. Саудия Хадинин бийлигин калыбына келтирүүнү көздөйт. (ErN)

Дагы караңыз

"Кара июлда" 400 ИВЛ аппараты колдонулбай, кампада турганы белгилүү болду Суракта Мадумаров менен Бекназаров беттештирилдиКыргыз-казак чек арасы: илбирс терисин алып өтүүгө аракет кылган учур катталды CES 2022: Таманды тааныган килемче, акылдуу каргыСанарип министрлигин жетектеген Имановдун айланасындагы талаш