Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы окуя Чүйдөгү Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектешкен жеринде орун алганын билдирди. Ага ылайык, чек ара ыйгарым укуктуу өкүл кап көтөргөн шектүү жаранды байкап калган. Бул тууралуу чек арачыларга кабар берип, өзү ал кишини кууп жетүүгө аракет кылган. Кап көтөргөн жаран жүгүн ыргытып жиберип, качып кеткенге үлгүргөн. Текшере келгенде мүшөктөн илбирстин териси менен башы табылган. Учурда шектүүнү аныктап-издөө иштери жүрүп жатат.
Былтыр апрелде УКМК Ошто үч илбирстин терисин мыйзамсыз соодалап, 4500 долларга сатууну көздөгөн адам кармалганын билдирген. Кылмышка шектүү терилерди Тажикстандан алганын маалымдаган.
Кыргызстанда илбирсти аткан, анын терисин соодалаган учурлар буга чейин дагы катталган.
Илбирс – жоголуп кетүү коркунучундагы жапайы жаныбар, Кызыл китепке кирген жана Кыргызстанда мыйзам менен корголот.
Соңку маалыматтарга ылайык, өлкөдө илбирстин саны 300дөн 350гө чейин деп эсептелген.
Дагы караңыз
Кумтөрдөн түшкөн миллиондор, Бөлтүрүктүн отчетуМадумаровдун сурагы, талаштуу протоколдун таржымалыБажы башчысынын кармалышы талкуу жараттыНазарбаевдер Бишкек аркылуу чыгып кеткенби?