COVID-19дан эки адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болуп, илдет дагы 870 адамдан аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (627 адам).

Ушуну менен өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 192 миңден ашты, 2838 бейтап каза болду.

Оору жуктуруп алгандардын 57си медицина кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Кумтөрдөн түшкөн миллиондор, Бөлтүрүктүн отчетуКыргызстан коңшу өлкөлөрдүн энергетика министрлерин "Токтогулга" чакырдыКазакстанда январь окуяларында кайтыш болгондордун саны 227ге жетти