Орусияда кыргызстандыкка ок атылып ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жаранына ок атылып, ооруканага түштү. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуя 16-январда болгонун билдирди.

Ага ылайык, автосервисте иштеген кыргызстандык менен кардардын ортосунда чыр чыгып, кардар ок чыгарган. Кыргызстандын жараны оң жаагынан жаракат алып оорунага жаткырылган.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Назарбаев нааразылыктар “атайын уюштурулганын” билдирди, Токаев менен тирешкенин төгүндөдүБажы кызматынын камалган башчысынын жакындары митингге чыгыштыШавкат Мирзиёев түркмөн президентинин уулун кабыл алдыАида Салянова Свердлов округунан депутаттыкка талапкерлигин койдуУлуу Британия Украинага курал жөнөтөрүн маалымдады