Бажы кызматынын камалган башчысынын жакындары митингге чыгышты

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп былтыр октябрда эле дайындалган.

Коррупцияга шек саналып камалган Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун жакындары Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар өлкө башчыларына кайрылып, Кубанычбеков “аткезчиликти” тыйганын, негизсиз каралоо болуп жатканын айтып, анын бошотулушун жана ишинин акыйкат тергелишин талап кылышты.

УКМК Адилет Кубанычбековду 17-январда кармаган. Ал бул кызматка былтыр октябрда эле дайындалган. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган.

“Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат кайсы компанияларга жеңилдик берилгени, бул ишке дагы кимдер аралашканы тууралуу маалымат берген эмес.

Дагы караңыз

Түркмөнстан кайра локдаунга түштүНазарбаевдер Бишкек аркылуу чыгып кеткенби? Садыр Жапаров маек, Адахан Мадумаров сурак бердиТокаевдин атасынын Кыргызстандагы изи