Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Бишкектеги №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жазылды.
Маалыматка караганда, 18-январь, саат 16:00гө карата кайра шайлоо өтчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болгондордун саны 40ка жетти.
БШК 17-январдагы отурумунда Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого төрт талапкерди каттаган. №27 Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакунов жана №29 Свердлов округу боюнча Бакыт Бакиров менен Улукбек Тургунбаев катталды. Алар Боршайкомго тиешелүү документтерди берип, 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төккөн.
Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан, быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.
Эки округдан депутаттыкка талапкер болгондордун арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков жана Шайлообек Атазов да бар. (МТа)
Дагы караңыз
Түркмөнстан кайра локдаунга түштүПакистандагы атышууда полиция кызматкери окко учту"Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму президентке кайрылды"Укугун билген аял жашоодо жаңылбайт". Оштогу кризистик борборлор