Пакистандагы атышууда полиция кызматкери окко учту

Пакистандын полициясы блокпостто жарандарды текшерип жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын полициясы блокпостто жарандарды текшерип жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын борбору Исламабадда 17-январдын түнүндө болгон атышуудан полиция кызматкери окко учту. Кол салган эки киши жок кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Рашид Ахмед 18-январда окуя болгон жерден журналисттерге билдирип, аны “террордук чабуул” деп атады.

“Бул Исламабадда теракттар башталды дегенди түшүндүрөт. Демек, биз дайыма даяр турушубуз керек”,-деди ал.

Маалыматта айтылгандай, куралдуу эки киши мотоцикл менен келип полициянын блокпостуна ок чыгарган. Атышууда полиция кызматкерине ок тийип, ошол жерде жан берген. Чабуул жасагандар атып жок кылынган. Дагы эки полиция кызматкери жаракат алган.

Бийлик муну террордук акт деп атаганы менен ага азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Пакистандын аймактарында күч кызматкерлерине чабуул кез-кезде жасалып турат. Исламабадда жакын арадан бери каттала баштады. (ErN)

Дагы караңыз

Кытай COVID-19га байланыштуу кышкы Олимпиадага билет сатууну токтоттуКазакстанда “Январь окуялары” боюнча 700дөй кылмыш иши козголдуCOVID-19: оору 820 адамдан аныкталып, үч бейтап каза болдуКумтөрдөн былтыр 14,5 тонна алтын өндүрүлдү Депутаттар Мадумаров менен Масалиев сурактан чыгышты