Айыл чарба министрлиги былтыр жалпысынан 428,9 миң тонна эт өндүрүлгөнүн, бул мурдагы жылга караганда 2% көп экенин маалымдады. Мекеме мындай көрсөткүч өлкөдө мал-келдин санынын көбөйгөнү менен байланыштуу экенин белгиледи.
Былтыр 1698,9 мин тонна сүт алынды жана бул 2020-жылдагы караганда 1,9% арбын.
Соңку бир жылда өлкөдө эттин баасы 30-40% кымбаттады. Сүт азыктарынын баасы да көтөрүлдү.
Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң.
Өлкөнүн ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров маек, Адахан Мадумаров сурак бердиНазарбаевдер Бишкек аркылуу чыгып кеткенби? Токаевдин атасынын Кыргызстандагы изи Бажы кызматынын башчысы кармалды