Соңку бир күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 820 адамдан аныкталып, үч киши каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (600 адам).
Ушуну менен өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 191 миңден ашты, 2836 бейтап каза болду.
Оору жуктуруп алгандардын 50 чактысы медицина кызматкерлери.
Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров маек, Адахан Мадумаров сурак бердиНазарбаевдер Бишкек аркылуу чыгып кеткенби? Бажы кызматынын башчысы кармалдыТокаевдин атасынын Кыргызстандагы изи Парламенттеги бийликчил күчтөр жана оппозиция