Министрлик: 100дөн ашык кыргызстандык Түштүк Кореяда жумушка орношот

Түштүк Кореяга иштегени кете турган кыргызстандыктар.

Кыргызстандын 11 жараны Түштүк Кореяда жумушка кирип иштеп жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, дагы 104 кыргызстандык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаргандан кийин Түштүк Кореяга иштегени учуп кетет. Алар үчүн Бишкек-Сеул багыты менен чартердик каттамдар уюштурулууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев кыргызстандыктар Түштүк Кореянын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги менен жетишилген меморандумга ылайык жумушка орношуп жатканын айтты.

Расмий маалымат боюнча, акыркы 15 жылда бул мамлекетте 3500 кыргызстандык иш менен камсыз болгон. Алардын көбү жеңил өнөр жай жана электротехника тармагында кызмат кылат. (BTo)

Дагы караңыз

Адахан Мадумаров президент Жапаровго жооп кайтардыБажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалдыТүндүк Корея январда төртүнчү жолу баллистикалык ракета сынадыБиримдик-Кут конушунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгыштыБишкектеги кайра шайлоо: БШК төрт талапкерди каттадыКүрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталдыЛукашенко Украинанын чек арасында орус-беларус машыгуусу өтөрүн жарыяладыЕБ: АКШ - Орусия Украина боюнча чечимди Брюсселсиз кабыл албашы керек