Дүйшөмбү күнү кечинде Киевдин Печерск райондук соту Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун бөгөт чарасы 19-январда аныкталарын билдирди. Саясатчы 17-январда Варшавадан Киевдин Жуляны аэропортуна учуп келгенден кийин бөгөт чарасын аныктоо боюнча сотко катышты. Ал декабрдан бери Польшада жүргөн.
Жогорку Раданын депутаты жана “Европа тилектештиги” оппозициялык партиясынын лидери Петро Порошенко мамлекеттик чыккынчылык кылууга айыпталып жатат.
Ал 2014-2015-жылдары бийликте турганда Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерге колдоо көрсөткөн деп шек саналууда. Порошенко бул айыптарды толугу менен четке кагып, аны саясий куугунтук деп атап келет.
Киевдин Печерск райондук соту 6-январда экс-президентке таандык делген бардык мал-мүлктү камакка алган чечим чыгарган. Порошенконун командасындагы булактар кабарлашкандай, саясатчыга тиешелүү бардык жер тилкелери, ага байланышы бар банктар, завод-фабрикалар, анын ичинде Козиндеги үйү жана акциялары камакка алынды.
Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский менен мурдагы мамлекет башчы Петро Порошенко элдешкис саясий оппоненттер.
Дагы караңыз
Адахан Мадумаров президент Жапаровго жооп кайтардыБажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалдыТүндүк Корея январда төртүнчү жолу баллистикалык ракета сынадыҮч ай мурда абактан чыккан казакстандык активист Кенжебек Абишев каза болдуИрак Беларустун чек арасынан 4 миңдей жаранын чыгарып кетти