Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-январдагы отурумунда Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого төрт талапкерди каттады.
№27 Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакунов жана №29 Свердлов округу боюнча Бакыт Бакиров менен Улукбек Тургунбаев катталды. Алар Боршайкомго бардык тиешелүү документтерди берип, 100 миң сом шайлоо күрөөсүн да төктү.
Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.
Боршайкомго кайра шайлоого катышуу үчүн 32 киши билдирме берди. Арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков жана Шайлообек Атазов бар.
Шайлоого катышарын мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да билдирген.
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган жетинчи чакырылыш 90 депутаттан турат.
Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. (BTo)
Дагы караңыз
Адахан Мадумаров президент Жапаровго жооп кайтардыКүрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталдыЛукашенко Украинанын чек арасында орус-беларус машыгуусу өтөрүн жарыяладыВашингтон менен Москванын сүйлөшүүсү аяктадыЛавров Москванын Батышка карата "сабыры түгөнгөнүн" билдирдиБатыш менен Орусиянын Украина боюнча үчүнчү сүйлөшүүсү да ийгиликсиз аяктады