Ысык-Көлдө эки адамды бычактоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
5-январда Балыкчы шаарынын ооруканасына бычакталган эки жаран түшкөн. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 28 жана 30 жаштагы эки жаран кармалган.
Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, "Адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүү" беренеси менен кылмыш иши тергелип жатат.
Былтыр октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин билдирген. (МТа)
Дагы караңыз
"Тазалык" Кыргызстанда кураштырылган автоунаа сатып алат Парламенттеги бийликчил күчтөр жана оппозицияТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Таңкы Азаттык