Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу “2021-жылдын мыкты китеби” сыйлыгын тапшырды. Мекеменин 15-январдагы маалыматына караганда, бул сыйлык 2020-жылы уюштурулуп, экинчи ирет ыйгарылууда.
2021-жыл ичинде жарык көргөн китептердин арасынан поэзия сериясы боюнча Калчоро Көкүловдун “Ыйман ыры” поэтикалык жыйнагы, проза боюнча Аскарали Ражабалиевдин “Мусаапыр” китеби, котормо боюнча Таштанбек Чакиевдин котормосундагы Иван Буниндин “Караңгы аллеялар” китеби мыкты деп табылды.
Авторлорго атайын статуэтка жана дипломдор тапшырылды.
Дагы караңыз
Бишкек: Эки округдагы парламенттик кайра шайлоого катышчулар 32ге жетти"Исхак Раззаков Кыргызстанга бир эле жолу келген" Ирина Карамушкина кайрадан депутаттыкка ат салышарын билдирди 17-январдын аба ырайы