17-январда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолордо кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын көп жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 4…9;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 4…9;
Баткен облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 5...10;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;
Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 5…7 градус жылуу болот.
Дагы караңыз
Тынч океанда жанар тоо атылган аймакта абал оор экени кабарландыАлматы: Мигранттардын абалы, дайынсыз болгон жаран Техаста барымтага алынган төрт адам бошотулду"Исхак Раззаков Кыргызстанга бир эле жолу келген"