Октябрь окуяларына байланыштуу соттук териштирүү 27-январга жылды

Октябрь окуяларына байланыштуу жалпысынан жети адамга айып коюлган.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 2020-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларына байланыштуу соттук териштирүү 27-январга жылды. Буга айыпталуучулардын толук келбегени себеп болду.

2020-жылы октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразылык тоз-тополоң менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкектеги митингге катышкан. Митингде жети киши жабыркап, жаңжал менен аяктаган, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде жалпысынан жети адамга айып коюлган. Анын ичинен Алмазбек Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган.

Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.

Бул иштин алкагында айыптаган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов өзүнчө каралып жатат.

Курсан Асанов эки жолу кармалып, үй камагына чыккан. Бирок үчүнчү жолу кайра камакка алынып, учурда №50 абакта олтурат.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов быйыл 8-майда камалган.

Камалгандар дооматтарды четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Дагы караңыз

Депутаттардын сурагы: чек ара протоколу жана диплом чырыЖолдо кыйылган өмүр, абактан бошотулган айдоочуHRW демократ лидерлер көңүл бурчу жагдайларды санадыАнкара жана Бээжин уйгурлардын маселесин талкуулады