Бишкекте унаанын ичинен сөөк табылды

Бишкек шаары, иллюстрациялык сүрөт.

14-январда Бишкектеги Москва көчөсүндө токтоп турган "BMW X6" үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен болжол менен 25-30 жаштардагы эркек кишинин сөөгү табылды.

Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Аталган аймактагы милициянын нөөмөт бөлүмүнө эртең менен көчөдөгү токтоп турган автоунаанын ичинде жаткан сөөк тууралуу маалымат түшкөн.

Маркумдун ким экени жана 1993-жылы төрөлгөнү аныкталды.

Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн иликтөө-оперативдик тобу барды. Каза болгон адамга карата кандайдыр бир күч колдонуу болгону аныкталган эмес.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (BCh)

Дагы караңыз

Депутаттардын сурагы: чек ара протоколу жана диплом чырыАдахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жататHRW демократ лидерлер көңүл бурчу жагдайларды санадыАлия Назарбаеванын социалдык тармактардагы барактары жоголду