Түрк тышкы иштер министри Кытайдагы сапарында уйгурлар маселесин көтөрдү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кытай кесиптеши Ван И менен Бээжиндеги сүйлөшүүсүндө этникалык уйгурлардын жагдайы боюнча камтамачылыгын билдирди.

“Биз күн тартибиндеги маселелер боюнча, өзгөчө уйгурлар жөнүндө көз караштарыбызды, күтүүлөрүбүздү жана кооптонууларыбызды ачык айттык”,-деди Чавушоглу 12-январда сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет. Аларда 1 миллионго чейинки адамдар бар экени айтылып жүрөт.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

АКШ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжин уйгурларга каршы геноцид кылып жатат деп айыпташкан. Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Бул маселеде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Кытайдагы уйгурлардын оор абалы жөнүндө үн катпайт деп айыптап келишчү. Былтыр июлда Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефондо сүйлөшкөн учурда Эрдоган “Түркия Кытайдын суверенитетин сыйлай турганын, бирок Шинжаңдагы уйгурлар Кытайдын “толук кандуу жарандары” катары жашашы керектигин” айткан. (ErN)