Каркыра: казак чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны бошотула элек

Каркыра жайлоосу.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Казакстандын чек арачылары кармап кеткен кыргыз жаранын бошотуу үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, окуя 10-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгон жана 1999-жылкы Сыймык Өмүрбек уулу мал издеп жүргөн маалда кармалган.

Сыймык Өмүрбек уулунун кармалганын 12-январда Жогорку Кеңеште депутат Акылбек Түмөнбаев айтып чыккан. Анын сунушу менен төрага Талант Мамытов Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматына протоколдук тапшырма берген.

Кыргыз парламенти 2002-жылы май айында Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан.

Дагы караңыз

Судья Калмаматовдун бөгөт чарасын кароодон баш тарттыМээнеткеч тарыхчы, талбас тарбиячы дүйнө салдыЖогорку Кеңеш: Комитет башчылары талаш-тартыш менен шайланды Сатпаев: Элбашыга сыйынгандар эми Токаевге жармаштыКазакстан: тополоңдо каза болгондор жерге берилүүдө