Коронавирустан үч адам көз жумду, 742 жаңы учур катталды

Кыргызстанда вирустун "омикрон" штаммы катталды. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-январдагы маалыматына караганда, вирустан үч киши каза болду.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2826​ адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 742 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 187 620​. Коронавирус жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында болууда.

Бир күндө 100 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 580 адам жатат, дагы 2096 бейтап үйдөн дарыланууда. 12-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун "Омикрон" штаммы чыкканын жарыялады. Бул штамм менен өлкөдө эки адам катталган. (BCh)

Дагы караңыз

Судья Калмаматовдун бөгөт чарасын кароодон баш тарттыМээнеткеч тарыхчы, талбас тарбиячы дүйнө салдыТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Таңкы Азаттык