Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 12-январда Таласта жумушчу сапар менен жүргөндө билдирди. Анын айтымында "Манас ордо" улуттук комплексине өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы окуучуларга жылы бою милдеттүү түрдө экскурсияларды уюштуруп туруу максатында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 200 орундуу мейманканы куруу башталат.
"Манас Ордо" улуттук комплекси Талас облусунун Таш-Арык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин "Манас" коругу болуп келген жана 1996-жылы улуттук деген расмий макам берилген.
Дагы караңыз
Өзбекстан Казакстандагы окуяларды жазууга тыюу салды Назарбаевдердин Лондондо каткан байлыгыКазакстандагы окуялардын кыргыз экономикасына таасири Вашингтон менен Москванын сүйлөшүүсү аяктады