Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында Чүйдөгү №23 Москва шайлоо округунан депутат Карим Ханжеза Казакстандын Алматы шаарында кармалып турган төрт кыргыз жараны тууралуу маселе көтөрдү. Анын сунушу менен төрага Талант Мамытов кыргызстандыктардын бошотулбай жатканын тактоо жөнүндө Тышкы иштер министрлигине тапшырма берди.
Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Казакстандын Ички иштер министрлигинин кармалгандарды бошотуу тууралуу сунушун Башкы прокуратура карап жатканын билдирген. Башкы консул буга чейин казак тарап аларды 11-январда бошотууга макул болгонун маалымдаган.
Алматыда азыр соңку тополоңдорго шек саналып кыргызстандык Закир Юбуров (1990-жылы туулган), Адан Хуров (1991-жылы туулган), 35 жаштагы Ильяс Мачо жана 21 жаштагы Абду-Рахим Джиншанло камалып турат.
Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген жана расмий Бишкек казак тарапка нота жөнөткөн.
Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.
Дагы караңыз
Казакстандагы нааразылыктар коңшу автократияларга коңгуроо"Кош бийлик аяктадыбы же жокпу, так билбейбиз""Назарбаевдин түбүнө жакындары жетти" Кыргызcтандын 100дөн ашык жараны казак жергесинен кайтарылдыКамактагы Калмаматовдун кайрылуусу, сот четке каккан доо арыз