Жогорку Кеңеште 12-январдагы жыйынында түзүмү тууралуу маселе каралып, сегиз тармактык комитет түзүү, вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү тууралуу жумушчу топтун сунушу колдоо тапты.
Жыйында комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу болду.
Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.
Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралында кайра шайлоо өтөт.
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болду.
Дагы караңыз
Казакстандагы нааразылыктар коңшу автократияларга коңгуроо"Кош бийлик аяктадыбы же жокпу, так билбейбиз""Назарбаевдин түбүнө жакындары жетти" Камактагы Калмаматовдун кайрылуусу, сот четке каккан доо арыз