Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 12-январга карата COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 465ке чыкты. Бул акыркы бир нече айдагы эң чоң көрсөткүч.
Оорудан бир күндө эки адам каза тапты. Жалпы курмандыктар 2 823 кишиге жетти.
Вирус жуктуруп алгандардын 345и Бишкек шаарында, 60ы Чүй облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери ооруну жуктургандардын жалпы саны 186 878 болду. Вирустан бир суткада 97 киши айыкты.
Азыркы тапта эки миңден ашык киши вирустан дарыланууда. Алардын 523ү ооруканада, 1 514ү үйүндө жатат. (BCh)
Дагы караңыз
"Ак-Тилек" чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны байкалдыТүрк мамлекеттер уюму Казакстандагы кырдаалды талкууладыТарыхчы Нарынбек Алымкулов дүйнөдөн кайттыЖаңылыктар | 11.01.2022 | Президент Токаев Нурсултан Назарбаевди сындады