11-январда Кабулда оаялдар жумуш орундарын, эркиндикти жана саясатка катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылып акцияга чыгышты. Ушундай эле акция былтыр декабрдын ортосунда да уюштурулган.
Аларды куралчан талибдер курчап турушту. Соңку айларда талибдер Ооганстанда кыз-келиндер шариятка ылайык иштеп, окуй аларын билдирип келет. Анткен менен өлкөнүн бир катар аймактарында талибдер бийликке келгени кыздарга мектепке барууга, ал эми аялдарга иштегенге уруксат бериле элек. Ошондой эле, аялдарга сапарга жалгыз чыкканга тыюу салынган.
Ушул тапта Ооганстанда гуманитардык апаат күч алды. Бириккен Улуттар Уюму 38 миллион калктын 90% ачарчылыкка туш болорун эскертип келет.
Дагы караңыз
Токаев Алия Назарбаевага байланышы бар деген компанияны жабууну тапшырдыТүндүк Корея баллистикалык ракета учурганы кабарландыБиринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды