Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли 11-январдын таңында Италияда көз жумганын анын маалымат катчысы Роберто Куило билдирди.
Италиялык саясатчы ооруканада экенин 10-январда Европарламент бышыктаган. Билдирүүдө ал «иммундук системанын иштөөсү бузулгандан улам абалы оорлошуп ооруканага жаткан» деп жазылат.
65 жаштагы Сассоли 2009-жылдан бери Европарламенттин мүчөсү болгон. 2019-жылы Европарламенттин төрагалыгына шайланган. Сассолинин кызматтагы мөөнөтү ушул айда аяктамак.
Дагы караңыз
Алматыдан 150дөн ашык кыргыз жараны алынып келди (видео)Тажик чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык мекенине кайтарылдыАлматыда мерт болгон экинчи кыргыз жаранынын тек-жайы аныкталды