Бишкектеги Улуттук тарых музейинде коронавирус курмандыктарына жана каармандарына арналган "Менин өмүрүм сизден көз каранды" аттуу сүрөт көргөзмө ачылды. Иш-чараны Саламаттык сактоо министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги биргеликте уюштурган.
Көргөзмөдө коронавирус Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кеткен 2020-жылдын июлундагы ("Кара июль" аталып калган) бейтаптардын оор абалы жана дарыгерлердин түйшүгү чагылдырылган 50 сүрөт коюлган. Иш-чара 13-январга чейин уланат.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери коронавирустан 2816 бейтап каза тапты. Вирусту жуктургандар жалпы саны 185 667 адамга жетти. Вакцина алгандар өлкө боюнча 1 млн. 242 миңден ашты.
2020-жылдын июлу Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кетти. "Каралуу июлдагы" өлүм санынын көп болушу кийин каза болгондордун жакындарында бир топ суроону жаратып, тармактар аралык изилдөө комиссиясы түзүлгөн. Жыйынтыгында бир нече мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарланган.
Вирус күчөп турганда министрликтин башында турган жооптуу адамдар коронавирус жаңы оору болгондуктан, тийиштүү иш-чаралар убагында аткарылбай калганын моюнга алышкан.(MZh)
Дагы караңыз
Сокулук районунун акимине сөгүш берилип, орун басары иштен алындыАлихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болду Токаев: ЖККУнун аскерлери эки күндөн кийин чыгарыла баштайт Тайырбек Сарпашев өлкөдөн кетпөө тил каты менен кое берилдиУКМК түрк ишкерин уурдоо боюнча эки кишиге издөө жарыялады