Токаев: ЖККУнун аскерлери эки күндөн кийин чыгарыла баштайт

ЖККУнун атынан Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков алар кырдаал толук жөнгө салынганча болорун билдирген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында келген жоокерлери эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирди. Ал 11-январда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айтты.

Кыргызстан 7-январда Казакстанга 150 жоокер жөнөткөн жана алар Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон.

Буга чейин ЖККУнун атынан Казакстанга жөнөтүлгөн күчтөрдүн командири Андрей Сердюков уюмдун аскерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди "көзөмөлдөп" жатканын билдирген. Ошондой эле алар Казакстандагы кырдаал толук жөнгө салынганча болорун айткан.

Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйынын өткөрүп, анда күч органдарынын жетекчилери жана башкы прокурор маалымат берди.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" атаган. Тополоңордорго го чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп айткан.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган.

Азырынча тополоңдордо канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун ырастаган.

Дагы караңыз

Казакстандагы окуялардын кыргыз экономикасына таасири Коронавирус: 14 миллион калктуу Тяньцзиндеги жапырт анализКазакстан: жакындарын издегендер, ЖККУнун жыйыны"Казак президенти чукул реформа жасашы керек"