Арипов: Алматыда кармалган кыргызстандык жарандар бошотулат

Назарали Арипов.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов аталган шаарда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдады. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирди. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Джиншанлону камаганы белгилүү болду.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген жана расмий Бишкек казак тарапка нота жөнөткөн.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Дагы караңыз

Казакстан: жакындарын издегендер, ЖККУнун жыйыны"Казак президенти чукул реформа жасашы керек"ЖККУ күчтөрүнүн Казакстанга кириши: кесепети кандай болот? "Ак сарай ичиндеги интригалар айдан ачык болуп калды"