Forbes журналы Казакстандагы соңку нааразылыктардын фонунда төрт казак миллиардеринин байлыгы үч миллард долларга кемигенин жазды. Акчасы азайгандардын арасында Казакстандын экс-президентинин кызы менен күйөө баласы бар.
Ал арада Open Democracy уюму Назарбаевдердин Лондондогу кымбат баалуу үйлөрүн эстеди.
Олку-солкулук “жоготкон” миллиарддар
Forbes журналынын маалыматына ылайык, Kaspi банкынын акционери жана ал компаниянын каржылык төрагасы Вячеслав Ким акция курсунун 30% төмөндөөсү менен 1,4 миллиард доллар жоготту. Натыйжада жыл башында байлыгы 5,7 млрд. доллар болгон Кимдин каражаты 4,2 млрд. долларга түшүп калды. Вячеслав Ким Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин эң жакын адамдарынын бири.
Kaspi банктын дагы бир топ-менеджери Михаил Ломтадзе да ушундай эле себеп менен 1,4 млрд. долларынан айрылган. Ал ээлик кылган акцияны журнал мурда 5,2 млрд. долларга бааласа, азыр 3,8 млрд. долларга баалады.
Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаев “Халык банктын” акциясы 16% түшүп кеткенден улам 200 млн. доллар жоготушту. Forbes алардын ар биринде азыр 3,1 млрд. доллардан капитал бар деп эсептейт.
Нурсултан Назарбаев эл башкарып турган тушта кыздарын, жанындагы адамдарды калк ичиндеги эң бай адамдарга айланткан. Алардын ысымдары офшор документтерине чейин айтылып жүрөт. “Азаттык” былтыр жүргүзгөн иликтөөлөрүндө Назарбаев династиясынын мүчөлөрү жана күйөө балдары 20 жыл ичинде АКШ жана Европа өлкөлөрүндө кыймылсыз мүлккө 785 млн. доллардан ашык каражат жумшаганын аныктаган.
Лондондогу кымбат мүлктөр
Кымбат мүлктөр демекчи, бул арада ОpenDemocracy.net басылмасы Британиядагы Назарбаевдерге тиешелүү мүлктөр жөнүндө баян чыгарды. “Казакстанда теңсиздикке байланыштуу ызы-чуу чыгып жаткан кезде, алардын элитасынын Лондондогу байлыгы козголбогон абалда жатат”,-деп жазды бул медиа.
Басылманын иликтөөчү-журналисти Томас Роули баш аламандыктардан кийинки окуялар Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев курган жана 1990-жылдан бери жашап келаткан “системадан жарака кетти” деп жазды.
Ал өкмөт кызматтан кетип, Назарбаев өзү Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан бошотулганын мына ушуга далил келтирип, туңгуч президенттин айланасындагылардын таасири жумшарганын белгилейт. “Бирок ошол эле маалда Казакстандан миңдеген километр ыраакта, Лондондо алардын мүлкү камырабай жатат”,-дейт журналист.
Chatham House аналитикалык компаниясынын соңку отчётунда Казакстандын башкаруучу элитасы Лондондо ээлик кылган мүлк 530,4 миллион фунт стерлинг турарын баяндады. Анын 330 миллион фунт стерлинг көлөмүнө туура келген мүлк Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө таандык. Алар мурдагы президенттин кызы Дарига Назарбаева, анын уулу Нурали Алиев, Назарбаевдин миллиардер-күйөө баласы Тимур Кулибаев жана Назарбаевдин бизнесмен-кудасы Кайрат Боранбаев.
“Казакстандык башкаруучу үй-бүлөнүн Лондондо мындай чоң сандагы мүлккө ээлик кылышы Улуу Британиянын да авторитардык режимдин аракеттерине байланышы бар экенин көрсөтөт”,- деген Open Democracy басылмасына берген маегинде британ парламентиндеги Лейбористтер партиясынын мүчөсү Маргарет Ходж.
Назарбаевдердин үй-бүлөсүнүн мүлктөрү мурдараак британ укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган жайы бар. 2020-жылы Улуу Британиянын Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиги (NCА) аларга тиешелүү үч чоң объектини камакка алган.
Анда ал хансарайлар Нурсултан Назарбавдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин “кылмыштуу жол менен тапкан каражаттарына” сатылып алынганы маалымдалган. Британ бийлиги камакка алган үч кыймылсыз мүлккө ээлик кылган офшордо катталган компаниялар кийин Дарига Назарбаева менен анын тун уулу Нурали Алиевге тиешелүү болуп чыккан.
Дагы караңыз
Назарбаевдердин дүйнөгө чачылган дүнүйөсүКамакка алынган үйлөрдүн экөөсүнүн наркы 31 миллион фунт стерлинг жана 39 миллион фунт стерлинг деп айтылган. Кийин Лондондун Жогорку соту Назарбаевдердин мүлктөрү ыплас акчаларды адалдоо үчүн колдонулган деген тергөөнүн аргументтерин “ишеничтүү эмес” деп тапкан жана ишти токтоткон.
Нурали Алиев кезинде буга байланыштуу мындай билдирүү тараткан:
“Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттик (NCA) мен ыктыярдуу түрдө келтирген маалыматтарды атайылап көзгө илбей, негизсиз жана жарыбаган соттук доолорду койгон. Ошондой эле менин өлкөмдү, менин үй-бүлөмдү жана мени каралаган жана кордогон аракеттерге барды”,-деген ал.
Рахат Алиев 2007-жылы Австрияга элчи болуп жөнөтүлгөн. Кийин президент Назарбаевди катуу сындоого киришип, атүгүл Назарбаевди бийликтен кетирүү ниетин да билдирген. Ошол эле жылы Дарига Назарбаева менен ажырашканы жөнүндө факс алып, бирок ага макул болгон эмес. Ага Казакстанда эки банкирди өлтүргөн деп айып тагылган. 2014-жылы өзү Австрия бийликтеринин колуна түшүп, сотко чейин камалган. Бирок иши каралаарына эки күн калганда 2015-жылдын 24-февралында анын сөөгү абакта табылган.
“Режимге” жакындардын жана каршылардын мүлктөрү
Назарбаевдин режимине жакын башка адамдардын ысымдары да Улуу Британиядагы мүлктөр менен байланыштырылып жүрөт. Казакстандык жез магнаты Владимир Кимдин кызы Лондондун престиждүү деп саналган One Hyde Park комплексинде 27,5 миллион фунт стерлинг турган үйгө ээлик кылат. Маркум Рахат Алиев “биринчи үй-бүлөнүн” финансылык башкармасы деп атаган банкир Айгүл Нуриева Regents Park комплексинде 5,6 миллион фунт стерлингдик мүлктүн кожойкеси экени аныкталган.
“530 миллион фунт стерлинг турган бул объектилер алар ээлик кылган мүлктөрдүн бир эле бөлүгү болушу мүмкүн. Биз Улуу Британиядагы ири мүлктөрдү “кайдан келип чыккан белгисиз байлыктар” жөнүндө иликтөөнүн алкагында гана биле алдык. Биз билбеген али көп нерселер болуш керек”,-дейт Open Democracy басылмасынын журналисти Томас Мейн.
Лондондогу мүлктөргө Назарбаевге, же анын режимине жакын адамдар эле эмес, ага каршы топтор да ээлик кылары маалым. Алардын бири – акыркы он жылда Казакстандын өкмөтү куугунтуктап келген Мухтар Аблязов Улуу Британияда 5 объектинин кожоюну. Анын экөөнүн наркы - ар бири 18 миллион фунт стерлинг турары маалым.
Аблязов мүлкүнүн булагын көрсөтпөгөнү үчүн Улуу Британияда саясий качкын макамынан айрылган, учурда Францияда жашайт. Ал Казакстанда бир нече күндөн бери өтүп жаткан нааразылык акцияларына тилектештигин билдирип, ал тургай айрым маектеринде өзүн анын автору катары да көрсөтүп жатат.
“Башкаруучу элита болгон Назарбаевдердин үй-бүлөсү жана ага жакын адамдар өз бийлигин эбегейсиз байлык чогултуу үчүн колдонушкан. Маселен, мунайгаз тармагын көзөмөлгө алуудан улам эле олчойгон каражаттарга жетишкен”,-дейт Chatham House компаниясынын отчётунун авторлорунун бири Жон Хезершоу.
Хезершоу акыркы нааразылыктардын себептеринин бири катары Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн жана ага жакын адамдардын ашыкча жашоо образын атайт.
Назарбаевдин токолуна катталган мүлктөр
“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP) былтыр күздө чыгарган “Пандора кагаздары” иликтөөсүндө Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин “үчүнчү жубайы” делген Асел Курманбаева жана экс-президенттин чөйрөсүндөгү эки кишинин ысымы аталган.
Анда Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү бар болгону көрсөтүлөт. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн Назарбаевдерге жакын саналган олигарх Владимир Ниге 30 миллион долларга сатканы айтылат.
1999-жылкы “Мисс Казакстан” сынагынын жеңүүчүсү болгон Асел Курманбаева Назарбаев менен расмий никеде турабы же жокпу, анысы белгисиз.
Дагы караңыз “Казакстан сулуусу”, Назарбаевдин “жубайы”: Асел Курманбаева ким?эки баласынын документеринде "фамилия" деген жерге "Нурсултан" жана "Нурсултанулы" деп көрсөткөн.
Назарбаевдерге тиешелүү мүлктөр Улуу Британиядан сырткары Испанияда, Францияда, Швейцарияда, АКШда, Чехияда да бар экенин мурдараак "Азаттыктын" казак кызматы бир нече жолу иликтеп чыккан.
Бир тарабы миллиардер, экинчи тарабы жарды
Нурсултан Назарбаев бийликте 29 жыл олтургандан кийин, 2019-жылы президенттик кызматтан кеткен. Анын тушунда мамлекеттин байлыгы элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, элита үчүн керектелгени айтылат.
Эл аралык КPMG аудитордук компаниясынын 2019-жылкы баяндамасына ылайык, Казакстандын жер байлыктарынын жарымынан көбүнө болгону 162 адам ээлик кылат.
Open Democracy басылмасына курган маегинде казакстандык журналист Дмитрий Мазоренко “коомдогу теңсиздик дүйнөлүк пандемия учурунда дагы да курчуганын” айткан. “Өлкөдө миллиардерлердин расмий саны төрттөн жетиге өскөн, бирок ошол эле маалда калктын бир бөлүгү кымбатчылык шартта эптеп жашоо үчүн насыя алууга мажбур болууда”,-дейт Мазоренко.
Быйыл 2-январда Жаңы-Өзөн эли суюлтулган газдын баасы 60 теңгеден 120 теңгеге көтөрүлгөнүнө каршы чыгышты. Кийинчерээк Жаңы-Өзөндөгү акцияны өлкөнүн башка аймактары да колдоду. Өкмөт Маңгыстау облусунда газдын баасын 50 теңгеге түшүргөнүнө карабай нааразылык басаңдаган жок. Нааразылык акциясына чыккандар өлкөдөгү кымбатчылыкты айтып, өкмөттүн кызматтан кетишин жана 1993-жылкы Конституциянын кайтарылышын талап кылышты.
Жапырт нааразылык андан ары башаламандыктар менен коштолуп, талап-тоноолорго жана киши өлүмүнө алып келди. Бийлик аны “террордук күчтөргө” байланыштырып чыкса, акцияга чыккандар эл “социалдык маселелер үчүн гана акцияга топтолушканын” айтып жатат.