Ооганстандын чыгышындагы Пакистан менен чектешкен аймакта болгон жардыруудан кеминде жети киши, анын ичинде алты бала көз жумду. Бул тууралуу Нангархар провинциясынын жергиликтүү бийлиги билдирди. "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) дайындаган губернатордун кеңсеси маалымдагандай, жардыруу мектептин жанында болгон.
Провинцияда «Ислам мамлекети» радикал тобунун жоочулары күч. Талибдер бийликке келгени аталган террордук топ бир нече ирет жардыруу уюштурду.
Топтун Ооганстандагы канаты "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюмунун үч мүчөсүн Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти өтө коркунучтуу глобалдык террорчулардын тизмесине былтыр жыл соңунда кошкон.
Дагы караңыз
Чымкентте 52 адамга кылмыш иши козголдуМузыкант Викрам Рузахунов Кыргызстанга келди«Кальмар оюндарынын» каарманы «Алтын глобус» сыйлыгын алды