Өзбекстанда "омикрон" штаммы табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында коронавирустун "омикрон" деген түрү табылганын 9-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы штамм Өзбекстанга келген чет өлкөлүк жарандан аныкталган. Буга байланыштуу атайын комиссия чараларды күчөтүү чараларын кабыл алды.

Мындан ары Өзбекстанда санитардык чаралар күчөтүлөт. 15-январдан баштап Өзбекстанга кирген жарандардан ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынат. Ошондой эле ири иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынары эскертилди.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-январда өлкөдө коронавирустун "омикрон" штаммы катталбаганын маалымдаган.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму бул штаммдын белгилери буга чейинкилерге караганда жеңил өтөрүн, бирок аны алдын алуу керектигин эскерткен.

Дагы караңыз

Женевада АКШ менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды Бир суткада коронавирус 198 кишиге жугуп, бир адам каза болдуЖККУ: Жапаров Казакстанда кармалган кыргыз жарандары тууралуу сөз кылды