Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы катталбаганн маалымдады.
Бул тууралуу ал 10-январда "Биринчи радиого" кабарлады. Министр "омикрон" штаммы өлкөдө катталса, ага ооруканалар, лабораториялар толугу менен даяр экенин кошумчалады.
"Өлкө боюнча жаңы технологиялар менен жабдылган эки вирусологиялык лаборатория иштеп жатат. Ал жакта вирустун жаңы штаммы текшерилет. Дагы ушундай сегиз лаборатория ачуу пландалууда", - деди министр.
10-январга карата коронавирус өлкөдө 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Вирустан курмандыктарынын жалпы саны 2819 адамга жетти. Азыр ооруканада 459 адам жатат, дагы 952 бейтап үйдөн дарыланууда. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. (BCh)
Дагы караңыз
Элчи: Алматыдагы окуяларда кыргыз жараны каза болдуСадыр Жапаров кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты Садыр Жапаров Казакстандагы соңку окуялардан улам Токаевге көңүл айтты Алматыда кармалган пианист. ТИМ Казакстанга нота жолдоду