Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматыдагы башаламандыкта каза болгондордун арасында кыргыз жараны бар экенин "Азаттыкка" кабарлады.
"Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген кыргыз жараны каза тапты. Анын тек-жайын аныктоо, сөөгүн алып келүү боюнча элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат", - деди ал.
Дүйшекеевдин айтымында, Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган.
Дагы караңыз Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылдыКазакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байланыштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин казак Саламаттык сактоо министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык ката" деген негизде четке каккан. (BkA/BCh)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты Садыр Жапаров Казакстандагы соңку окуялардан улам Токаевге көңүл айтты Алматыда кармалган пианист. ТИМ Казакстанга нота жолдоду Кыргызстан Казакстанды Рузахуновдун токмоктолгонун иликтөөгө чакырды