Казакстан өкмөтү 164 адамдын өлүмү тууралуу маалыматты кайра төгүндөдү

Казакстандагы башаламандыктар.

9-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өзүнүн «Телеграм» каналына 164 адам өлгөнүн жазган. Кийин өкмөт муну «техникалык» ката деген негизде четке какты.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана «куралчан» 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Бийлик билдиргендей, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды «чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар» уюштурганын билдирип жатат.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалгандардын арасында «кошуна мамлекеттердин жарандары» бар экенин билдирип, бирок кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес.

Дагы караңыз

Бердымухамедов "Тозоктун дарбазасын" өчүрүүгө буйрук бердиСербияда литий металлын казуу планына каршы акция өттүЖакындары Казакстанда кармалган жигит "Закир Юбуров" деген маалыматты четке кагышты