Сербияда ишембиде жүздөгөн киши бийликтин литий казуу планына каршы чыгып, жолдорду торошту. Акция баш калаа Белградда да өттү. Өкмөт башчы Ана Брнабик «Пинк» каналына бийлик литий өндүрө турган компания менен келишимди жокко чыгарууну көздөп жатканын айтты.
Жарандар жана экологияны коргоо менен алектенген компаниялар бийлик өз пландарынан баш тартмайынча акциялар улана берерин билдиришти.
Адистер белгилегендей, автоунаанын аккумуляторуна колдонулчу литий металын казуу аймактагы экосистемага олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
Дагы караңыз
Президент Жапаров адилетсиз жоопко тартылган жарандар үчүн күрөшө турганын айтты Алай районунда жер силкиндиЖакындары Казакстанда кармалган жигит "Закир Юбуров" деген маалыматты четке кагышты