Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-январга караган түнү саат 01:56да Тажикстандын аймагында жет титирөө катталды. Анын күчү очогунда 6 баллга жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура, Сары-Таш жана Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (КЕ)
Дагы караңыз
ИИМ "куралчан 300дөй киши Казакстандан чыгып кетүүгө аракет кылган" деген маалымат таратты COVID-19 жуктургандар 300 миллиондон аштыКазакстан: жарандар менен балдардын өлүмү тууралуу маалыматтар чыгууда Өкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түздүCOVID-19: Дагы эки бейтап каза болду, вирус жугузгандар көбөйө баштады