Назарбаев Казакстанда экенин басма сөз катчысы билдирди

Нурсултан Назарбаев.

Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев учурда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында экенин анын басма сөз катчысы Айдос Үкибай "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Ал Назарбаев президент Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп, бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүп жатканын кабарлаган. Бирок, Үкибай айткандарын тастыктай турган башка жагдайларды көрсөткөн эмес.

“Элбашы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында. Такталбаган жана башка кызыкчылыктарды көздөгөн маалыматтарды жайылтпоону өтүнөбүз”, - деп жазган Назарбаевдин басма сөз катчысы.

Маалыматта Нурсултан Назарбаев учурда Казакстан менен достук мамиледе болгон өлкөлөрдүн башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы да айтылган. Ошондой эле Назарбаевдин өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуу үчүн бардык күчтөрдү Казакстандын президентинин айланасына биригүүгө үндөй тургандыгы белгиленген.

Буга чейин "Дождь" телеканалы жергиликтүү журналисттин айтканына таянып, Назарбаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлаган эле.

2-январдагы нааразылык чаралары башталгандан бери Назарбаев эл алдына чыга элек. Анын атынан да эч кандай билдирүүлөр болгон эмес. Ошол эле учурда азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 5-январда элге кайрылып, Коопсуздук кеңешинин башчылыгын колуна алганын билдирди. Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин Коопсуздук кеңешин жетектеп келген. Ага кол тийбестик макамын берген "Элбашы" деген наам ыйгарылган.

Казакстандагы соңку толкундоолордо Назарбаевдин саясаттан биротоло кетишин талап кылган чакырыктар да арбын айтылды.

Дагы караңыз

Бишкекте Казакстандын жарандарына жардам берүү штабы иштеп баштадыАКШ: Казакстандын ЖККУ аскерлерин чакырган өтүнүчү суроо жаратат9-январдын аба ырайы: жаан-чачын болбойтКазакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды Казакстандын коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалдыКазакстандын ИИМи кармалгандар арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин билдирди