Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, транзит менен келген казак жарандарына жардам көрсөтүү максатында атайын штаб иштеп баштады.
Транзиттик каттамдар менен “Манас” эл аралык аэропортуна түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаалар даярдалып, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып баруу жана андан ары өткөрүү уюштурулуп жатат. Түндөсү келген жүргүнчүлөр кошуна өлкөдө коменданттык саат болгондуктан “Достук” мейманканасына жайгаштырылган.
Казакстандык жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн чыгымдар мэриянын резервдик фондунан жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. 8-январга караган түнү казакстандык 32 жүргүнчү келген.
7-январда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарына жардамдарды уюштуруу боюнча шаардык штабдын иштөө тартибин бекиткен. Бишкек шаарынын мэриясынын бир катар кызматтары жана облустук администрациялары менен биргеликте Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен макулдашылып иш алып барууда.
Шаар мэриясы уюштурган штабда Казакстандагы окуяларга байланыштуу гуманитардык жардам топтоо иштери да жүргүзүлүп жатат. 7-январда Бишкекте активистер жана демөөрчүлөр Казакстанга гуманитардык жардам чогултуп жеткирүү иштерин баштады. (JsA)
Дагы караңыз
АКШ: Казакстандын ЖККУ аскерлерин чакырган өтүнүчү суроо жарататКазакстандын коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалдыБелТА Лукашенко менен Назарбаев сүйлөшкөнүн жазды“Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштады